Э. Иманалиев айыл аймагынын Камыш-Башы айылындагы таза суу чыгаруу иштеринин жүрүшү менен Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими А.Тюкебаев жеринде таанышты. Таза суу чыгаруу үчүн республикалык бюджеттен 29 млн 856 миң сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн. Райондун акими айылга таза суу түтүктөрүн орнотуп жаткан куруучуларга коюлган милдеттерди так жана сапаттуу аткарууну тапшырды. Андан сырткары Чеч-Дөбө айылындагы таза суу түтүктөрүнүн абалын жеринде көрдү. Аталган айылга суу түтүктөрүн алуу үчүн Атайын эсеп мекемесинен 2025-жылы 2 млн 165 миң сом бөлүнүп, 4 км 200 метр аралыкка таза суу түтүктөрү жана 24 суу кудугу коюлган, баштапкы суу кампасы 30 тоннаны түзөт.
Ошондой эле аталган айыл аймагынын Бууракан айылында жайгашкан М. Термечиков атындагы мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышып, куруучуларга жана айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине белгиленген мөөнөткө чейин курулуш иштерин сапаттуу бүтүрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берип, аткарылышын өз көзөмөлүнө алды.
