Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.А. Тюкебаевдин төрагалыгында жыйын өткөрүлдү.

Жыйындын күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды: – Айыл аймактардагы таза суу маселеси; – Сугат суунун абалы; – Жайыт маселеси; – Бруцеллез оорусунун абалы; – Айыл чарбасын каттоонун жүрүшү жана ар кандай маселелер каралды. Жыйынга райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар мэри, айыл өкмөт башчылары, муниципалдык ишканалардын директорлору жана…

Толук окуу…

Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнө жаңы жетекчи дайындалды

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясы 2026-жылдын 4-мартындагы №14 буйругу жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 4-мартындагы №3-т тескемеси менен Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызмат ордуна Олжобаев Нурбек Курманбекович ротациялоо жолу менен дайындалды. Жаңы жетекчини райондук билим берүү бөлүмүнүн эмгек жамаатына Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А. Тюкебаев тааныштырды. Тааныштыруу…

Толук окуу…

Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын тургундары менен Өзгөрүш жана Ничке-Сай айылдарында жолугушуулар өткөрүлдү

Жалал-Абад областынын прокурору Т.Ишеналиев тарабынан бекитилген «2026-жылдын февраль-март-апрель айларына карата Жалал-Абад областынын прокуратура органдарынын прокурорлорунун жергиликтүү эл менен жолугушуу» графигине ылайык райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.А. Тюкебаев, райондун прокурору Б.И. Абыкеев, укук коргоо органдарынын, мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда 2026-жылдын 3-мартында Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын тургундары менен Өзгөрүш жана Ничке-Сай айылдарында жолугушуулар…

Толук окуу…

3-март – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгынын 34 жылдыгы жана 5-март – ак калпак күнү салтанаттуу белгиленди

Иш-чара жөө жүрүш менен башталып, ага райондогу ишкана, мекемелердин эмгек жамааттары, шаар тургундары катышты. Майрамдык иш-чара борбордук аянтта уланып, райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары А. Т. Асанов иш-чаранын катышуучуларын Мамлекеттик туу күнү жана ак калпак күнү менен куттуктап, биздин милдет – туубуздун кадыр-баркын бийик сактап, аны кийинки муундарга…

Толук окуу…

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары К.Аттокуров жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Н.Ормонов Токтогул шаарына караштуу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде болушту

Иш сапардын алкагында Достук, Байчечекей жана Арча-Бешик балдар бакчаларына барып, коррупциянын алдын алуу багытында түшүндүрүү жана профилактикалык иштер жүргүзүлдү. Жолугушуулардын жүрүшүндө кызматкерлерге мыйзамдуулукту сактоо, ачык-айкын иш алып баруу, кызматтык этиканы бекем кармануу жана коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө боюнча кеңири маалымат берилди. Ошондой эле мекемелердин материалдык-техникалык базасы, тарбиялоо процесси жана санитардык…

Толук окуу…

“Манас таануу” интеллектуалдык таймашы жогорку деңгээлде өттү

2026-жылдын 26-февраль күнү райондук билим берүү бөлүмү тарабынан Токтогул шаарынын Бала-Чычкан айылындагы №8 А.Иманбаев атындагы орто мектебинде “Манас таануу” интеллектуалдык таймашынын райондук туру жогорку деңгээлде уюштурулуп өткөрүлдү. Иш-чарага райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары К.Аттокуров жана Кыргыз Улуттук Манас театрынын манасчысы К.Жумалиев, “Көйкашка” коомдук фондунун төрагасы У.Эркинбеков катышып, катышуучуларга ийгилик…

Толук окуу…

Азык-түлүк жарманкеси уюштурулду

Бүгүн, Токтогул районунун тургундарын арзан азык-түлүк продукциялары менен камсыз кылуу максатында Токтогул шаарынын борбордук аянтында азык-түлүк жарманкеси уюштурулду. Жарманкеде сүт, бал, алма, картошка жана башка азыктар сатылууда. Жарманке ар жуманын жума күндөрү Токтогул шаарынын борбордук аянтында уюштурулуп турат.

Толук окуу…