2024-жылдын 20-мартында райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев райондук ишкана, мекемелердин жетекчилери менен бирге Толук айыл өкмөтүнүн жашоочулары менен жолугушту.
Жарандардын негизги көйгөйлөрү жер, суу, жол, электр энергиясы жөнүндө болду.
Жарандар тарабынан жергиликтүү деңгээлде чечиле турган суроо-талаптардын чечүү жолдору белгиленип, аларды аткарууга алуу тиешелүү жетекчилерге тапшырылды.