Сел өтүүчү көпүрөөнү тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү

2024-жылдын 08-июль күнү жааган жан чачындын кесепетинен райондун аймагында селдер жүрүп, А.Суеркулов айыл аймагынын Торкен айлындагы Бука-Арык каналын жана башка арыктарды тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле Үч-Терек айыл өкмөтүнүн, Саргата айылында КР ӨКМнин Жалал-Абад облусунун башкармалыгы тарабынан атайын техника бөлүнүп (экскаватор) Саргата айылынын Сатылганов Сулайман көчүсүндөгү сел өтүүчү каналды, Ө.Кодиков көчөсүнөгү сел өтүүчү көпүрөөнү тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү.
№30 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Үч-Терек-Ничке-Сай-Кызыл-Өзгөрүш автоунаа жолунун 3+6 чакырымында сельден кийин тазалоо, жолду сүздүрүү иштери аткарылды.

Leave a Reply