Башчы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу графикке ылайык уюштурулду

Райондук мамлекеттик администрациясынын коомдук кабылдамасында башчы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу графикке ылайык уюштурулду.
Райондун тургундары тарабынан жөлөк пул, бөйрөк алмаштырууга материалдык колдоо, сугат суу жана жер маселелер боюнча кайрылышты. Башчы-аким А.Тюкебаев тарабынан кайрылган жарандарга тиешелүү кеңештер берилип, жазуу жүзүндөгү кайрылуу, арыздары Электрондук документ жүгүртүү системасында катталды.
Башчы-акимдин жеке кабыл алуусу ар дүйшөмбү күнү саат 14:00дөн 17:00го чейин.
Жарандар коомдук кабылдамага 0 3747 50063 “Ишеним телефону” аркылуу дагы кайрылып, тиешелүү консультациялык жардам алса болорун билдиребиз.

Leave a Reply