Райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясынын отуруму болуп өттү.

Коллегиянын күн тартибинде төмөндөгү маселелер каралды:
1. Токтогул райондук маданият бөлүмүнүн ишмердүүлүгү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарынын аткарылышынын абалы;
2. Райондун калкын жана экономика тармактарын 2023-2024-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 6-июнундагы №247 буйругунун аткарылышы;
3. Райондун аймагында 2023-жылга айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жыйым-терим иштерин аяктоо жана күздүк айдоо, күзгү сугат иштеринин жүрүшү жөнүндө.
Коллегиянын отурумунун жыйынтыгы менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына жана тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине тапшырмалар берилип, тиешелүү деңгээлде иш алып барбаган жетекчилерге тартиптик жазалар көрүлдү.

Leave a Reply