Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн Кызыл-Туу айылындагы №13 “Балалык” мектепке чейинки билим берүү мекемеси Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган Хельветас институту аркылуу аткарылган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу” долбоорунун “Инклюзивдүү өнүгүү” компонентинин алкагындагы 250,0 миң сомдук спорттук тренажерлорун утуп алган.
Бүгүн аталган спорттук инвентарларды тапшыруу аземи болуп, ага райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары А.Нават кызы, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Боржуева, айыл өкмөт башчы К.Дербишев, айылдык кеңештин төрагасы Т.Өзүбеков катышышты.