Райондун аймагында кезектеги ишембилик уюштурулду
Ишембиликте Бишкек-Ош автожолунун райондун аймагындагы бөлүгү, Токтогул шаарынын эс алуу багы, мекеме, ишканалардын айланасы жана коомдук жайлардын айланасы, көчөлөр тазаланды. Тазалоо иштерине райондук мекеме, ишканалардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эмгек жамааттары тартылды. Таштандыларды убагында чыгаруу үчүн атайын техникалар уюштурулуп, чыгарылууда.






