2024-жылдын 18-февралында инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү, жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту азайтуу, балдар ортосунда достук жана ынтымакты бекемдөө максатында шахмат оюну боюнча “Акимдин кубогу” өткөрүлдү. Шахмат оюнуна 8-17-жашка чейинки 78 окуучу катышты. Иш -чара Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев, райондук шахмат федерациясынын төрагасы Д. Курбаналиев катышты.
Жыйынтыгында ; 1-орун Тияншанов Айэмир (Жамгырканов мектеби); 2-орун Жакупов Омурбек ( Бримкулов мектеби) ; 3-орун Чакырбаев Айберген(Ормонбеков мектеби) . Андан сырткары “Эң жаш катышуучу Жакупов Иса болду. Иш-чараны шахмат федерациясынын регионалдык тренери Замирбек уулу Жоомарт өткөрдү. Райондун акими А.Тюкебаев 1-орунду ээлеген А.Тияншановго “Акимдин кубогун” жана мобилдик телефон тапшырды.