2024-жылдын 20-21-февраль күндөрү райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында мамлекеттин жана коомдун өнүгүүсүнүн негизги ресурсу болгон жаштарга АРИСтин “Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо үчүн кошумча каржылоо” долбоорунун алкагындагы КНЧ боюнча адиси/коуч Г.Маленов менен биргеликте “Каржылык сабаттуулук” боюнча тренинг болуп өттү.
Жаштарга тренингде:
– Максаттарды аныктоону;
-Финансылык пландарды түзүүнү;
-Жеке бюджет, киреше-чыгашаларды тактоону;
– Коопсуздук жаздыкчасын түзүүнү;
– Карыз алуу мамилелери жана төлөө жөндөмдүүлүктү баалоону;
– Кредиттик сунуштарды тандоо
боюнча кеңири маалыматтар берилди.
Тренингке райондук мамлекеттик администрациясынын, шаардык мэриянын тиешелүү кызматкерлери, ИСИТО окуу жайынын, №39 А.Бердалиев атындагы кесиптик окуу жайынын студенттери, шаардын аймагындагы жалпы билим берүүчү мектептин 11-классынын окуучулары жана мугалимдери катышышты.