Бириктирилген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде Токтогул районунда бириктирилген төмөндөгү айыл аймактарынын башчылары жана шаар мэри райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин буйругу менен дайындалышты:
– Бириктирилген Кетмен-Дөбө айыл аймагынын башчысы кызмат ордуна Багымбаев Болот Тияншанович;
– Бириктирилген Абды Сүйөркулов айыл аймагынын башчысы кызмат ордуна Жаманкулов Өскөн Эсенкулович;
– Бириктирилген Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын башчысы кызмат ордуна Сатаров Мурат Окушович;
– Токтогул шаарынын мэри кызмат ордуна Максутбаев Болот Дыйканович.

Leave a Reply