Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын, Токтогул РИИБдин, райондук эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын, райондук билим берүү бөлүмүнүн, Токтогул шаардык мэриясынын кызматкерлери тарабынан «Өспүрүм түн» аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүлдү.

Өткөрүлгөн иш-чаранын негизги максаты — жаш өспүрүмдөрдүн түнкү убакта көчөлөрдө максатсыз жүрүшүнүн алдын алуу жана алардын ар кандай кылмыштарга же укук бузууларга кабылып кетүүсүнө жол бербөө болуп саналат. Бул иш-чара жаштардын коопсуздугун камсыз кылуу, алардын бош убактысын туура пайдаланууга багыт берүү жана коомдук тартипти сактоо максатында уюштурулду. Иш-чаранын жүрүшүндө түнкү…

Толук окуу…

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары К.Аттокуров, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Олжобаев менен биргеликте Элмирбек Иманалиев айыл аймагына караштуу жалпы билим берүүчү мекемелерде текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө мектептердеги суу ысытуучу жана газ толтуруучу жабдуулардын техникалык абалы каралып, коопсуздук талаптарына шайкештиги бааланды. Жыйынтыгында бир катар кемчиликтер аныкталып, аларды жоюу боюнча тиешелүү мекемелердин жетекчилерине конкреттүү тапшырмалар берилди. Ошондой эле коопсуздук эрежелерин так сактоо боюнча эскертүүлөр айтылды.

Толук окуу…

Жылдын мыктылары аныкталды

Токтогул шаарындагы №2 Бөкөнбаев атындагы билим берүү мекемесинде Токтогул районунун аймагындагы жалпы билим берүү мекемелеринин жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин арасында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин “Жылдын мыкты мугалими-2026”, “Жылдын мыкты тарбиячысы-2026” Республикалык конкурстарын өткөрүү жөнүндөгү Жоболорду бекитүү тууралуу 2023-жылдын   23-декабрындагы №703 токтомуна ылайык, Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн 2026-жылдын …

Толук окуу…