“Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” аныкталды.

2024-жылдын 4-июнь күнү Токтогул шаарындагы №2 Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин залында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Жылдын мыкты мугалими”, “Жылдын мыкты тарбиячысы” Республикалык конкурстарын өткөрүү жөнүндөгү жоболорду бекитүү тууралуу 2023-жылдын 22-декабрындагы №703 Токтомун ишке ашыруу максатында, райондогу мектеп жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин арасында өткөрүлгөн Республикалык конкурстун райондук, облустук этаптарынын жыйынтыктоо салтанаттуу иш-чарасы өттү.
Иш-чарага райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын орун басарлары жана жооптуу кызматкерлери, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, кызматкерлери катышып, алдыңкы орундарды ээлеген мектеп жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин мугалимдерин, тарбиячыларды куттуктап, Ардак грамоталар тапшырылды.
Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, балдар чыгармачылык үйүнүн кыздары жана мектеп окуучулары ыр-бийлерин тартуулашты.

Leave a Reply