Бүгүн, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаевдин төрагалыгында жыйын өттү.
Жыйындын күн тартибинде:
1. 2024-жылдын 17-ноябрындагы Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоого карата, уюштуруу жана даярдык иштеринин жүрүшү;
2. Кышка даярдыктын жүрүшү;
3. Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” №54 Жарлыгынын аткарылышы;
4. III Элдик Курултайды өткөрүүгө даярдык көрүү жана ар кандай маселелер.
Жыйынга райондогу укук коргоо органдарынын башчылары жана мекеме, ишканалардын жетекчилери, мэр, айыл өкмөт башчылары, айыл башчылар, айылдын имамдары жана мектеп директорлору катышты. Күн тартибиндеги маселелер боюнча протоколдук тапшырмалар берилди.