Токтогул шаарында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери Орозов Чилдебай менен коштошуу зыйнаты болуп өттү

2024-жылдын 20-октябрь күнү Токтогул шаарында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери, Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн ардактуу пенсиянын ээси, Улуу Ата Мекендик согуштагы ооруктун катышуучусу, Токтогул районунун Ардактуу атуулу, Акылман аксакалдар кеӊешинин төрагасы-мүчөсү Орозов Чилдебай менен коштошуу зыйнаты болуп өттү.
Орозов Чилдебай 1931-жылы 12-январда Токтогул районунун Акчий-Кара-Суу айылында туулган.
1948-жылы Сталин атындагы орто мектепти аяктаган соң, 1949-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институттуна кирип, аны 1955-жылы бүткөн.
Эмгек жолу Токтогул райондук ооруканада врач-неврапотолог болуп иштөө менен башталган. 1964-жылга чейин райондук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы, райондук санэпидстанциянын жана райондук оорукананын башкы врачы болуп эмгектенген. Ошол кезде райондо кеңири тараган таз-чакалай, мерез, ич келте, сарык ж.б. оорулар менен аеосуз күрөшүп, бейтаптарды дарылап сакайткан.
Алыскы Толук айылына 10 койкалык, Өзгөрүш айылына 25 койкалык жана райондун борборуна учукка каршы 25 койкалык ооруканалардын ачылышына кошкон салымы бар. Чилдебай Орозовдун жетекчилиги аркасында алыскы айылдарда 12 фельдшер-акушердик пунктарды, төрөт үйлөрдү ачтырган. Кызыл Ай Крест коому тарабынан ачылган сегиз айлык курска 42 улан-кызды окутуп, оорукананы медперсоналдар менен камсыздоого жетишкен. 1966-жылдан 1991-жылга чейин Үч-Терек участкалык ооруканада башкы дарыгер болуп иштеген. Эмгек эс алууга чыккандан кийин айылдык врачтык амбулаториянын врач-неврапотологу болуп иштеди. 60 жылдан ашуун убакыт бою медицина тармагында талыкпай эмгектенди.
Райондун калкынын саламаттыгына көргөн камкордугу жана жетишкендиктери үчүн 1958-жылы Кыргыз ССРинин саламаттык сактоо отличниги , 1995-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери деген мамлекеттик сыйлыктарга жана Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн ардактуу пенсиянын ээси ээ болгон. 1999-жылы Үч-Терек айылдык ооруканага ысмы берилген.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери Орозов Чилдебай менен коштошуу зыйнатына Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н. Кожобергенов,Токтогул шаарынын тургундары жана замандаштары катышты.
Возможно, это изображение 1 человек

Leave a Reply