Бүткүл дүйнөлүк диабет менен күрөшүү күнүнө карата калк арасында акция өткөрүлдү

2024-жылдын 25-ноябрь күнү Токтогул жалпы дарыгерлер практикалык борборунун “Ден соолукту чыңдоо кабинетинин” медицина кызматкерлери тарабынан бүткүл дүйнөлүк диабет менен күрөшүү күнүнө карата калк арасында акция өткөрүлдү. Медицина кызматкерлери калк арасында жугуштуу эмес ооруларды (кант диабети, кан басымы) алдын алуу максатында кандын курамындагы канттын деңгээлин жана кан басымын өлчөшүп, келген жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп кеп-кенештерин беришти. Бул акцияга жалпы 155 жаран катышышты.

Leave a Reply