Мазар-Суу айылындагы ФАП капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди

Айыл элинин саламаттыгына кам көрүү жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү максатында 2024-жылдын 23-декабрь күнү Кетмен-Дөбө айыл аймагына караштуу Мазар-Суу айылындагы ФАПтын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп пайдаланууга берилди.
Ачылыш аземге Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары А.Нават кызы, Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Багымбаев, айыл аксакалдары жана айыл тургундары катышты.
Мазар-Суу айылындагы ФАПтын капиталдык оңдоп-түзөө иштерине республикалык түрткү берүүчү гранттан 3,0 млн сом, “Атайын эсеп” ишканасынан 1,9 млн сом акча каражаты бөлүнүп сарпталды.

Leave a Reply