Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н. Кожобергеновдун төрагалыгында Токтогул районунун 2025-2030-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы боюнча жумушчу топтун отуруму болуп өттү.
Жумушчу топтун отурумунун жүрүшүндө Токтогул районунун 2025-2030-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча аткарылып жаткан иш-аракеттер талкууланды. Ошондой эле, программанын аткарылышы боюнча үч күндүк мөөнөттө анализ жүргүзүлүп, Координациялык кеӊешменин отурумуна тиешелүү сунуштарды берүү тапшырмасы коюлду.