1-декабрь бүткүл дүйнөлүк КИЖСна (СПИД) каршы күрөшүү күнүнө карата иш-чаралар планы иштелип чыгып, бир айлык акция жарыяланган

Бир айлык акциянын алкагында райондун аймагында райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун ден соолукту чыңдоо кабинетинин медицина кызматкерлери менен биргеликте айыл тургундарынын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, АИВ/КИЖС (ВИЧ/СПИД)илдетин алдын алуу боюнча маалыматтарды таркатып жатышат.
Ошондой эле медицина кызматкерлери тарабынан орто окуу жайларында “Өзүңө жана башкаларга кам көрүү менен бирге АИВти (ВИЧ) жеңебиз” деген ураандын алдында иш-чаралар өткөрүлүп жатат.

Leave a Reply