Райондун акими Акылбек Алиякуновичтин жетекчилиги астында Токтогул шаарынын көчөлөрүн асфальттоо иштерине даярдык көрүү максатында көчөлөрдү башкы планга ылайык келтирүү, кеӊейтүү иштерин жүргүзүү боюнча комиссиянын курамына кезектеги жыйын өттү.
Жыйында Токтогул шаарынын көчөлөрүн кеӊейтүү, мыйзамсыз чегинен чыгып курулган курулуштарды жылдыруу боюнча аткарылып жаткан иш аракеттер талкууланды.
Аким тарабынан Комиссия курамына Токтогул шаарынын көчөлөрүн башкы планга ылайык кеӊейтүү максатында мыйзамсыз чегинен чыгып курулган объектилердин ээлерине эскертүүлөрдү берүү, кеӊейтүү иштерин жүргүзүүнү күчөтүү тапшырмасы берилди.



