Райондун акиминин орун басары бейтаптар үчүн даярдалып жаткан күнүмдүк тамак-аштын, аш-тизмегин жана анын сапатын текшерип, санитардык-гигиеналык талаптардын сакталышына өзгөчө көңүл бурду.
Мындан сырткары оорукананын жылуулук менен камсыздалышы, берилип жаткан тамак-аш, дары-дармектердин жеткиликтүүлүгү боюнча бейтаптар арасында сурамжылоо жүргүздү.
Сурамжылоонун жыйынтыгында бир катар маселелер аныкталып, аларды жакшыртуу боюнча Токтогул районунун ЖДПБнын директоруна кошумча тапшырмаларды берди.






