2026-жылдын 22–24-апрель күндөрү Токтогул районунун аймагында жарандык коргонуу абалын баалоо боюнча иш-чара өткөрүлүүдө

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Искендер Сулайманов баштаган ыкчам топ аймактагы жарандык коргонуу кызматтарынын күч-каражаттарын жана иш кагаздарын текшерүүгө алууда.
🎯 Аталган иш-чаранын негизги максаты — аймактагы жарандык коргонуу системасынын даярдык деңгээлин текшерүү, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча кызматтардын иш алып баруу жөндөмдүүлүгүн баалоо болуп саналат.
📊 Баалоонун алкагында:
✅ жарандык коргонуу кызматтарынын даярдыгы текшерилет;
✅ өз ара аракеттенүү механизмдери каралат;
✅ өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү мүмкүнчүлүктөрү бааланат.
🤝 Иш-чарага Токтогул райондук жарандык коргонуу кызматтары жана тиешелүү түзүмдөр тартылды.
🔄 Мындай текшерүүлөр калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана өзгөчө кырдаалдарга даярдык деңгээлин жогорулатуу максатында үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат.

Leave a Reply