2026-жылдын 22–24-апрель күндөрү Токтогул районунун аймагында жарандык коргонуу абалын баалоо боюнча иш-чара өткөрүлүүдө
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Искендер Сулайманов баштаган ыкчам топ аймактагы жарандык коргонуу кызматтарынын күч-каражаттарын жана иш кагаздарын текшерүүгө алууда. Аталган иш-чаранын негизги максаты — аймактагы жарандык коргонуу системасынын даярдык деңгээлин текшерүү, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча кызматтардын иш алып баруу жөндөмдүүлүгүн баалоо болуп саналат.…

