Коллегиянын күн тартибинде:
2026-жылдын 3 айынын жыйынтыгы менен райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы жана милдеттери жөнүндө маселе каралды.
Аталган маселенин экономика тармагы боюнча Токтогул РМАнын башчысы-акимдин биринчи орун басары А.Т. Асанов, социалдык тармак боюнча Токтогул РМАнын башчы-акимдин орун басары К.Аттокуров маалымат берип, талкууланды.
Коллегиянын отуруму башталар алдында Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Т. Багымбаев “КР муниципалдык кызматынын отличниги” төш белгиси менен сыйланды.
Райондук мамлекеттик администрациясынын коллегия мүчөлөрү тарабынан күн тартибиндеги маселе боюнча мамлекеттик жана муниципалдык органдарга тапшырмалар берилип, аткаруу мөөнөттөрү белгиленип, токтом кабыл алынды.
