Токтогул районунда райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким У. О. Самаев укук коргоо органдарынын, мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Токтогул шаарынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү

Токтогул районунда райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким У. О. Самаев укук коргоо органдарынын, мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Токтогул шаарынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү.
Элдик жыйындын жүрүшүндө шаар тургундар тарабынан ички жолдор, жер маселелери, бала бакча, көчөлөрдү жарыктандыруу, эс алуу багын иретке келтирүү, мал союлуучу жай, сугат суу, шаардын башкы планы, ошондой эле таза суу маселеси боюнча көйгөйлөр көтөрүлдү.
Көтөрүлгөн маселелер боюнча раймамадминистрация башчысы-аким У.О. Самаев, райондун прокурору Б.И. Абыкеев, шаар мэри Б.Бактыбеков жана тиешелүү райондук мекемелердин жетекчилери тарабынан кеңири түшүндүрмөлөр берилип, мыйзам чегинде чечүү жолдору боюнча сунуштар айтылды.

Leave a Reply