Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары К.Аттокуров райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н. Олжобаев, прокурордун жардамчысы А. Джакупов жана райондук ички иштер бөлүмүнүн балдар иштери боюнча инспекторлору менен биргеликте район аймагындагы жалпы билим берүүчү мекемелердин жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткөрүлдү

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары К.Аттокуров райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н. Олжобаев, прокурордун жардамчысы А. Джакупов жана райондук ички иштер бөлүмүнүн балдар иштери боюнча инспекторлору менен биргеликте район аймагындагы жалпы билим берүүчү мекемелердин жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткөрүлдү.
Жыйында алдыда өткөрүлүүчү Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) жана “Акыркы коңгуроо” иш-чарасына даярдык көрүү маселелери талкууланды. Ошондой эле мыйзамсыз аракеттерге жол бербөө, коомдук тартипти сактоо жана окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.
Жыйындын жүрүшүндө мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу, ата-энелер жана мугалимдер менен түшүндүрүү иштерин күчөтүү, ошондой эле иш-чараларды уюшкандыкта өткөрүү зарылдыгы белгиленди.

Leave a Reply