Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын коомдук кабылдамасында райондун акими У.О.Самаевдин жеке кабыл алуусу графикке ылайык уюштурулду

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын коомдук кабылдамасында райондун акими У.О.Самаевдин жеке кабыл алуусу графикке ылайык уюштурулду.
Райондун тургундары жер, жайыт жер, Кемпир-Өлдү каналынын проектиси, Курман айт намазын аянтта окуу, там талаш жана башка ар кандай маселелер менен кайрылышты. Райондун башчысы-аким У.О. Самаев тарабынан кайрылган жарандардын маселелерин чечүү боюнча түшүндүрмө берилип, аткарылышы көзөмөлгө алынды.
Эскерте кетсек, Токтогул РМАнын башчысы-аким У.О. Самаевдин жеке кабыл алуусу ар дүйшөмбү күнү саат 14:00дөн 17:00го чейин.
Токтогул РМАнын башчысы-акимдин биринчи орун басары А.Т. Асановдун кабыл алуусу ар шаршемби күнү саат 14:00дөн 17:00го чейин.
Токтогул РМАнын башчысы-акимдин орун басары К.Аттокуровдун кабыл алуусу ар бейшемби күнү саат 14:00дөн 17:00го чейин.
Токтогул РМАнын аппарат жетекчиси Э.Апит уулунун кабыл алуусу ар жума күнү саат 14:00дөн 17:00го чейин.
Коомдук кабылдаманын ишенимдүү байланыш телефон номери: 03747 5-00-63.

Leave a Reply