А.Суеркулов айыл аймагында кезектеги элдик жыйын уюштурулду

А.Суеркулов айыл аймагында кезектеги элдик жыйын уюштурулду
Бүгүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев райондогу укук коргоо органдарынын, мекеме, ишканалардын жетекчилери менен биргеликте А.Суеркулов айыл аймагынын тургундары менен Сары-Сөгөт айылында жолугушту.
Элдик жыйында жергиликтүү тургундар тарабынан жол, жер, эскилиги жеткен электр мамычалары, врачтардын жетишсиздиги боюнча көйгөйлүү маселелер көтөрүлдү.
Жогоруда аталган көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча раймамадминистрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев, А.Суеркулов айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Жаманкулов жана райондук мекеме жетекчилери тарабынан тиешелүү жооптор берилди.

Leave a Reply