Райондун аймагында массалык ишембилик өттү

Ишембиликке райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери жана райондун тургундары катышты. Ишембиликтин алкагында жер-жерлерде мекемелердин жана турак жайлардын, социалдык объектилердин короосу, жол жээктери, көчөлөр тазаланды. Таштандыралды чыгаруу үчүн атайын техникалар тартылып, таштандылар чыгарылууда.

Толук окуу…

Токтогул шаарынын “Кайрак” участкасында ишембилик өткөрүлдү

Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаевдин демилгеси менен райондук мекеме, ишкана жетекчилери жана шаар мэри Токтогул шаарынын “Кайрак” участкасында ишембилик уюштурулду. Ишембиликтин жүрүшүндө “Кайрак” участкасындагы бүркүттүн, көпүрөнүн айланасы жана Токтогул- Беш-Таш жолунун жээги тазаланды.

Толук окуу…

«Бирге коррупцияга каршыбыз!»

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттер аралык кеңештин алкагында Эл аралык жаштар арасындагы «Бирге коррупцияга каршыбыз!» коррупцияга каршы жарнамалык сынагы болуп жаткандыгын маалымдайт. Сынакка 14 жаштан 25 жашка чейинки Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алышат (жеке адамдар же чыгармачыл жамааттар). Катышуу үчүн “Бирге коррупцияга каршыбыз!” деген темада 01.10.2024-жылга…

Толук окуу…

“Салам мектеп!” аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүүдө

Токтогул РИИБдин кызматкерлери тарабынан жаңы окуу жылына карата “Салам мектеп!” аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүүдө. Райондун аймагындагы мектеп окуучуларына жана кесиптик лицейде билим алып жаткан студенттерге жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузууларды, топтошуп мушташууларды, рекетчилик , тоночулук, аптекалык наркоманиядан алыс болууга жана жол эрежелерин так билүү үчүн түшүндүрүү иштери…

Толук окуу…

Тургундардын кайрылуусу жеринен башчы-аким тарабынан каралды

Бүгүн, 2024-жылдын 13-сентябрь күнү райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаевге Токтогул шаарынын карамагындагы Жаңы-Жол айылынын тургундары мэрия тарабынан айылдын ички жолдорун кеңейтүүдө тактоо иштерин жүрүгүзүп берүү боюнча кайрылышкан. Тургундардын кайрылуусу жеринен башчы-аким тарабынан тиешелүү мекемелердин жетекчилер менен биргеликте каралып, түшүндүрүү иш чарасы жүргүзүлдү.

Толук окуу…

Координациялык кеңешменин кезектеги отуруму болуп өттү

Бүгүн 12-сентябрь 2024-жылы Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу маселелери боюнча Координациялык кеңешменин кезектеги отуруму болуп өттү. Күн тартибинде: 1. Токтогул районунда үй-бүлөлүк зордук зомбулукка бөгөт коюу, алардын ичинен аялдарга жана балдарга карата жасалган зордук зомбулуктарды алдын алуу жана болтурбоо боюнча иш-аракеттерди күчөтүү; 2. Калкты…

Толук окуу…

Жаш өспүрүмдөр арасында жол транспорт кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт

Бүгүн, 11-сентябрь 2024-жылы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергеновдун төрагалыгында жаш өспүрүмдөр тарабынан электромотоциклдарды жана жүк ташуучу транспорт каражаттарын райондун аймагында пайдаланып жүргөндүгү, жол транспорт коопсуздугунун талаптарына ылайык келбей, адам өмүрүнө коркунуч алып келүүчү жагдайлардын жаралуусун алдын алуу жана болтурбоо максатында райондогу тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдарына чогулуш…

Толук окуу…

Комуз күнү белгиленди

Комуз кыргыз элинин эң көрүнүктүү, байыркы кеңири тараган музыкалык аспаптарынын бири. Кыргыз комузу менен аткарылган чыгармалар кыргыз жеринин кооздугун элестетет. 9-сентябрь-Комуз күнүнө карата Токтогул шаарынын борбордук аянтында Комуз күнүнө карата майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Майрамдык иш-чарада комуз күүлөрү чертилип, комузда ырлар жаңырды.

Толук окуу…

Окуучуларга өзгөчө кырдаалдар жана өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү 2024-жылга түзүлгөн иш-чаралар планына ылайык Токтогул шаарындагы №2 Ж.Бөкөнбаев, №28 Ормонбеков, N5 Турдумамбетов атындагы орто мектептеринде жаңы окуу жылына карата “Өзгөчө кырдаалдар жана өрт коопсуздугу” боюнча офицердик курамы тарабынан мектеп окуучуларына окуулар жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Толук окуу…

7-сентябрь Токтогул шаарында жана айыл аймактарда ишембилик өткөрүлдү

7-сентябрь Токтогул шаарында жана айыл аймактарда ишембилик өткөрүлдү. Ишембиликке Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, Токтогул шаарынын мэри Б.Максутбаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Боржуева, райондук токой чарба башкармалыгынын башчысы К.Токтоназаров ж.б мекеме жетекчилер жана Кетмен-Төбө өрөөнүнүн активист уулу Хамза Жеништин демилгеси менен КР Эмгек сиңирген артисти Т.Сманбеков, «Дестинация Токтогул» коомдук…

Толук окуу…