Токтогул районунун прокуратурасы тарабынан окуу өткөрүлдү

Токтогул районунун прокуратурасы тарабынан N1 Токтогул атындагы орто мектебинин 10 жана 11- класстарынын окуучулары арасында Кыргыз прокуратурасынын 100 жылдыгына карата “Жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин коргоодо прокуратуранын орду” аталышында окуу өткөрүлдү. Мектеп окуучуларына Кыргыз прокуратурасынын тарыхы, прокуратуранын ишинин укуктук негизи жана прокуратура системасы тууралуу кызыктуу маалыматтар берилип, окуучуларды кызыктырган суроолоруна…

Толук окуу…

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө гуманитардык жардамдар таратылды

“Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү коомдук фонду тарабынан азык-түлүктөрдөн турган гуманитардык жардамдар даярдалып, райондогу 120 жардамга муктаж болгон жакыр үй-бүлөлөргө жеткирилип, таратылып берилди. Районго бөлүнгөн гуманитардык жардамдарды алып келүүгө Токтогул шаардык мэриясы, А.Суеркулов, Кетмен-Дөбө, Үч-Терек жана Э.Иманалиев айыл өкмөттөрү көмөк көрсөтүштү.

Толук окуу…

“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпул алуучулардын даректүүлүгүн тактоо максатында үймө-үй кыдыруу жүргүзүлдү

Токтогул шаарынын Кызыл-Туу айылында “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпул алуучулардын даректүүлүгүн тактоо максатында үймө-үй кыдыруу жүргүзүлдү. Кыдырууга акимдин орун басары А.Нават кызы, райондук мамлекеттик администрациянын жана райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери чыгышты. Үйлөрдү кыдыруунун негизги максаты үй-бүлөгө көмөк жөлөкпул алуучулардын даректүүлүгүн, жашоо-шартын аныктоо болуп саналат. Мындай кыдыруулар башка айылдарда…

Толук окуу…

Райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү

Райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери милициянын көчмө кабылдама унаасы менен райондун Жаңы-Жол айылынын жашоочулары менен жолугушууларды өткөрүп, кылмыштуулуктун, үй-бүлөлүк зордук зомбулук жана жаш өспүрүмдөргө карата жасалган зомбулуктардын алдын алуу, болтурбоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Толук окуу…

Үч-Терек айыл аймагында элдик жыйын уюштурулду

2024-жылдын 9-октябрында райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев райондогу укук коргоо органдарынын, мекеме, ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Үч-Терек айыл аймагынын тургундары менен жолугушту. Элдик жыйында жергиликтүү тургундар тарабынан жол, жер, эскилиги жеткен электр мамычалары, таза суу, көчөлөрдү жарыктандыруу боюнча көйгөйлүү маселелер көтөрүлдү. Жогоруда аталган көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча раймамадминистрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев,…

Толук окуу…

Жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөл борборунун кызматкерлери калк арасында жугуштуу оорулардын алдын алуу жана калктын ден соолугуна кам көрүү максатында 2024-жылдын 4-октябрь күнү Кетмен-Дөбө айыл аймагынын Чоң-Арык, Терек-Суу айылдарына барып, сарык оорусу боюнча мектеп окуучуларына, мугалимдерге окууларды өтүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Толук окуу…

МУГАЛИМДЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

3-октябрь Токтогул шаарындагы маданият үйүндө “МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫНА” карата майрамдык иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов, шаар мэри, айыл өкмөт башчылары, мекеме-ишкана жетекчилери жана билим берүү тармагынын кызматкерлери катышты. Н.Кожобергенов билим берүү тармагынын кызматкерлерин майрамы менен куттуктап өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө алдыңкы билим берүү…

Толук окуу…

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н. Кожобергеновдун төрагалыгында жыйын өттү

Бүгүн, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н. Кожобергеновдун төрагалыгында жыйын өттү. Жыйындын күн тартибинде: 1. 2024-жылдын 17-ноябрындагы Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоого карата, уюштуруу жана даярдык иштеринин жүрүшү; 2. Кышка даярдыктын жүрүшү; 3. Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар…

Толук окуу…

Токтогул районунун аймагындагы көп балалуу энелерге сыйлыктар тапшырылды

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-майындагы №117,118 Жарлыктарына ылайык райондун аймагында жашаган алты, жети жана андан ашык бала төрөп, жакшы тарбиялап өстүргөн көп балалуу энелер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалы сыйлыктары менен сыйланышты. 2024-жылда “Баатыр эне” ордени менен көп балалуу 20 эне, “Эне даңкы” медалына…

Толук окуу…

Сел өтүүчү канал тазаланууда

Токтогул районунун А.Суеркулов айыл аймагынын Көтөрмө айылынын түндүк тарабындагы узундугу 1600 метр сел өтүүчү каналды тазалоо иштери башталды. КР ӨКМги тарабынан 1 даана экскаватор техникасы бөлүнгөн.

Толук окуу…