2024-жылдын 15-октябрь күнү Токтогул шаарындагы А.Керимбаев атындагы райондук маданият үйүндө “Элеттик аялдар күнүнө” карата жана Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” №1 Жарлыгынын иш чаралар планынын алкагында шаардык мэрияга караштуу айылдарда жашаган ак элечек апалардан түзүлгөн “Энелердин тилеги” коомунун концерти болуп өттү.
Концертте ак элечек апалар кыргыздын элдик ырларынан турган программадагы концертти тартуулашты. Концертке раймамадминистрация башчысы-акимдин орун басары А.Нават кызы катышып, жалпы энелерди 15-октябрь – Элеттик аялдар күнү менен куттуктап, акыркы убактарда мамлекет тарабынан айылдыктардын жашоо шартына кам көрүү, ден соолугун чыңдоо жана татыктуу билим алуу үчүн жасалып жаткан аракеттерге токтолуп, аялдар өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өсүшүнө зор салым кошуп жаткандыгын белгиледи.
Концерттин аягында “Энелер тилеги” коомунун активдүү мүчөлөрүнө сыйлыктар тапшырылды.




