Бүгүн райондук мамлекеттик администрациясынын чоӊ жыйындар залында КР Жергиликтүү жамааттар күнүнө жана КР Айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик күнүнө арналган “Алтын Күз-2024” салтанаттуу иш-чарасы болуп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүн жана айыл чарба тармагында эмгектенген кызматкерлерди майрамы менен куттуктап, сыйлыктарды тапшырды.
Иш-чарага райондогу укук корго органдарынын, мекеме, ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, айыл башчылар, коомдук уюмдардын, жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү жана дыйкан-фермерлер катышты.
Майрамдык иш-чара Токтогул райондук маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.