Сел өтүүчү каналды тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүүдө

Үч-Терек айыл өкмөтүнүн, Саргата айылында июнь жана июль айынын башында катуу жаан чачын жаап сел жүрүп, бүгүнкү күндө КР ӨКМнин Жалал-Абад облусунун башкармалыгы тарабынан атайын техника бөлүнүп (экскаватор) Саргата айылынын Ө.Кодиков көчүсүндөгү сел өтүүчү каналды тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Толук окуу…

“Эс алуу – 2024” иш-чарасы болуп өттү

2024-жылдын 6-июль күнү Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Токтогул райондук мамлекеттик администрациясы туристтик кызматтардын көргөзмө-жарманкеси “Эс алуу -2024” иш-чарасын өткөрдү. Көргөзмөгө Өзбекстан Республикасынын Наманган облусунан туристтик операторлор жана Нарын, Талас облустарынан ишкерлер катышты. Көргөзмөгө бал, сүт, кондитердик азыктар жана кол өнөрчүлөрдүн продукциялары коюлду. Көргөзмө-жарманкеси концерттик программа менен коштолду.

Толук окуу…

Куурай өскөн жерди чабуу жана өрттөө иштери алып барылды

Токтогул районунун аймагында банги заттарынын мыйзамсыз айлануусуна жана бангиликтин жайылышына тыюу салуу чараларды көрүүдө Кетмен-Дөбө айыл аймагынын, Жаңы-Арык айылынын Чолок-Терек участкасында жергиликтүү айыл башчылары жана Токтогул РИИБнүн участкалык инспекторлору болуп 3,0га кара куурай өскөн жерди чабуу жана өрттөө иштери алып барылды. Ошондой эле А.Суеркулов айыл аймагынын Коргон айылынын Кишен-Шай участкасында…

Толук окуу…

Медицина кызматкерлеринин күнү белгиленди

2024-жылдын 5-июль күнү Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында жыл сайын июль айынын биринчи жумалыгында белгиленүүчү медицина кызматкерлеринин күнүнө карата майрамдык салтанат болуп өттү. Майрамдык салтанатка район башчысы-аким А.А.Тюкебаев катышып, медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктап, медицина кызматкерлеринин эмгеги эң жооптуу , түйшүктүү жана ардактуу экендигин белгилеп, өз сөзүндө “ак…

Толук окуу…

Жаш өспүрүмдөрдүн сууга чөгүү кокустуктарын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Токтогул РИИБнын кызматкерлери тарабынан, милициянын көчмө кабылдамасы менен райондун аймагында жайгашкан каналдарга жана сууга түшүүгө кооптуу болгон жерлерге атайын эскертүү баннерлери орнотулуп, жаш өспүрүмдөрдүн сууга чөгүү кокустуктарын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындан сырткары жаш өспүрүмдөргө ата-энесинин кароосу жок өз алдынча сууга түшүүгө тыюу салынаары жана ата-энелерге каникул мезгилинде…

Толук окуу…

Кыргыз Репсубликасынын ИИМнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын 85-жылдык мааракеси белгиленди

3-июль Кыргыз Репсубликасынын ИИМнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын 85-жылдык мааракеси белгиленди. Бүгүн 3-июль Кыргыз Репсубликасынын ИИМнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын 85-жылдык марекесине карата райондун аймагындагы коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө жана алдын алууда көрсөткөн мыкты кесиптик жөндөмдүүлүгү үчүн Токтогул райондук ички иштер бөлүмү боюнча Жол…

Толук окуу…

Райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясынын отуруму болуп өттү

2023-жылдын 3-июль күнү райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясынын отуруму болуп өттү. Коллегиянын күн тартибинде төмөндөгү маселелер каралды: 1. “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн жана айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык абалын жакшыртуу иш чарасынын аткарылышы; 2. Ченемдик-укуктук актыларды, жогорку органдардан барган иш кагаздары менен иштөөсүнүн абалы, жарандардын кайрылууларын кароо тартиби, жүргүзгөн иш аракеттери…

Толук окуу…

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын Токтогул башкармалыгында “Бирдиктүү терезе” ачылды

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын Токтогул башкармалыгында “Бирдиктүү терезе” ачылды. “Бирдиктүү терезеде” 5 кызматкер кызмат көрсөтөт, жарандар жана салык төлөөчүлөр акысыз негизде кызмат көрсөтүүлөрдүн комплексин ала алышат. Анын ичинде: – отчетторду тапшыруу; – жардам алуу; – салык кызматынын маалыматтык системаларына кирүү; – электрондук булуттук кол тамгасын алуу; – салыктык каттоодон…

Толук окуу…

1-ИЮЛЬ – КУТКАРУУЧУЛАР КҮНҮНӨ КАРАТА ТОКТОГУЛ РАЙОНДУК ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР БӨЛҮМҮ ЖАҢЫ ШАЙМАНДАР МЕНЕН КАМСЫЗДАЛДЫ

Бүгүн Токтогул району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн техникалык материалдык базасы чыңдалып, өзгөчө кырдаалдарда куткаруу иштерине колдонуу үчүн жаңы шаймандар менен камсыздалды. Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев бөлүмдүн кызматкерлерин 1-июль куткаруучулар күнү менен куттуктап, сыйлыктарды тапшырып, жергебизде тынчтык болуусун каалады. Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө : – 1 даана – Лодка; –…

Толук окуу…

“Калк арасында жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу” боюнча окуу семинар уюштурулуп өткөрүлдү

2024-жылдын 25-июнь күнү Кыргызстан айылдык ден соолук комитети Ассоциациясы тарабынан “Калк арасында жугуштуу эмес (жүрөк кан тамыр, кант диабети, залал шишиктер) ооруларды алдын алуу” боюнча окуу семинар уюштурулуп өткөрүлдү. Окуу семинарга медицина мекемелеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери жана райондук ден соолук комитетинин (РДК) төрайымдары катышышты. Окуу семинарда азыркы…

Толук окуу…