Токтогул районунун аймагында банги заттарынын мыйзамсыз айлануусуна жана бангиликтин жайылышына тыюу салуу чараларды көрүүдө Кетмен-Дөбө айыл аймагынын, Жаңы-Арык айылынын Чолок-Терек участкасында жергиликтүү айыл башчылары жана Токтогул РИИБнүн участкалык инспекторлору болуп 3,0га кара куурай өскөн жерди чабуу жана өрттөө иштери алып барылды.
Ошондой эле А.Суеркулов айыл аймагынын Коргон айылынын Кишен-Шай участкасында кара куурай чөбүн жок кылуу иштери жүрдү.




