Медицина кызматкерлеринин күнү белгиленди

2024-жылдын 5-июль күнү Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында жыл сайын июль айынын биринчи жумалыгында белгиленүүчү медицина кызматкерлеринин күнүнө карата майрамдык салтанат болуп өттү.
Майрамдык салтанатка район башчысы-аким А.А.Тюкебаев катышып, медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктап, медицина кызматкерлеринин эмгеги эң жооптуу , түйшүктүү жана ардактуу экендигин белгилеп, өз сөзүндө “ак халатчандар күн-түн дебей районубуздун калкынын саламаттыгын сактап, адамдарга жардам берип, аларга оорудан айыгып кетүү ишеничин тартуулап жатасыздар. Сиздер тынч уйку чектелүү иш убактысы жок иштейсиздер” деп айтып өттү.
Медицина мекемелеринин берген сунуштарына ылайык эмгек алдыңкыларына раймамадминистрациянын Ардак грамоталары тапшырылды.
Майрамдык салтанат райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлеринин концерттик программасы менен уланды.

Leave a Reply