Токтогул районунда туризмди жана креативдүү экономиканы өнүктүрүү боюнча тегерек стол өттү

2024-жылдын 11-май күнү райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында Токтогул районунда туризмди жана креативдүү экономиканы өнүктүрүү боюнча тегерек стол өттү. Тегерек столго Россия Федерациясынан келген эл аралык эксперттер К. Гаранин, Е. Биктимирова, “Илбирс” фондусунун өкүлү Ж. Алымбекова, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, “Алатай” мамлекеттик жаратылыш паркынын, райондук токой чарбасынын…

Толук окуу…

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясынын отуруму болуп өттү

Бүгүн, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясынын отуруму болуп өттү. Коллегиянын күн тартибинде: 1. 2024-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы менен райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы жана милдеттери жөнүндө маселе каралды. Аталган маселенин экономика тармагы боюнча башчы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов, социалдык тармак боюнча башчы-акимдин орун басары А.Нават кызы маалымат берип, талкууланды. Коллегиянын отуруму башталар…

Толук окуу…

Улуу Жеңиштин 79 жылдыгы салтанаттуу белгиленди

Улуу Жеңиштин 79 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. Токтогул шаарындагы эс алуу багындагы Өчпөс отко гүлчамбар коюлуп, согушта курман болгон жоокерлерге багышталып, куран окулуп, залп атылды. Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев майрамдык салтанаттын катышуучуларын Жеңиштин 79 жылдыгы менен куттуктады. Райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери патриоттук ырлары менен майрамдык маанай тартуулашты.

Толук окуу…

Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаевдин төрагалыгында жыйын болуп өттү

6-апрель 2024-жылы райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаевдин төрагалыгында жыйын болуп өттү. Жыйындын күн тартибинде: 1. Коомдук иш-чараларды өткөрүүдө коопсуздук чараларын көрүү; 2. Жазгы талаа жумуштарынын жүрүшүнүн абалы; 3. Билим берүү уюмдарындагы билимдин сапаты жана жалпы республикалык тестирлөөгө даярдыктын жүрүшү; 4. “Жашыл Мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында аткарылган иш-аракеттер; 5. Кыргыз Республикасынын…

Толук окуу…

Токтогул РИИБдин көчмө кабылдамасы түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чараларын жүргүздү

Токтогул РИИБдин көчмө кабылдамасы менен Токтогул шаарынын аймагындагы тургундарга жана соода түйүндөрүнүн ээлерине тоноодон, каракчылыктан, алдамчылыктан сак болуусу үчүн күзөтчүлөрдү, видео байкоолорду орнотуу, короонун айланасын жарыктандыруу, эшик-терезелерге темир торлорду орнотуу боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү.

Толук окуу…

Мечиттерди каттоо жана мыйзамдуулук маселелери боюнча жыйын өттү

29-апрель 2024-жылы райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Н. Кожобергеновдун төрагалыгында райондун аймактардагы мечиттерди каттоо жана мыйзамдуулук маселелери боюнча кеңешме жыйыны өттү. Мечиттерди каттоо жана мыйзамдуулук маселелери боюнча Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Нематулла ажы Жээнбеков баяндама жасап, имамдардын суроолоруна жооп берди. Кеңешмеге Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Нематулла ажы Жээнбеков,…

Толук окуу…

“Урааным-Манас” аталышындагы Манас айтуу кароо-сынагы болуп өттү

28-апрель 2024-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-апрелиндеги “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы Манас эпосунун үчилтигин (Манас, Семетей, Сейтек эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндөгү” N126 Жарлыгынын алкагында “Урааным-Манас” аталышындагы Манас айтуу кароо-сынагы уюштурулду. Манас айтуу кароо-сынагы Токтогул районунун борбордук стадионунда өткөрүлүп, 3500 катышуучулар улуттук кийимдерди…

Толук окуу…

Токтогул районунун Торкен айылында айылдык маданият үйүнүн жана китепкананын жаңы имараты ачылды

Маданият үйдүн келечеги, эл маданияттын келечеги! Районубуздун калкын маданий жактан тейлөөнү жакшыртуу, жашоо маданиятын жогорулатуу, улуттук каада-салттарыбызды сактоо жана өнүктүрүү, маданияттын жашообуздагы деңгээлин көтөрүү, жаш муундардын инсандык сапаттарын калыптандыруу, руханий жактан азыктандыруу максатында А. Суеркулов айыл аймагынын Торкен айылында 300 орундуу “Карагул” айылдык маданият үйүнүн жана китепканынан жаңы имаратынын ачылышы…

Толук окуу…

Райондун аймагында кезектеги ишембилик өткөрүлдү.

2024-жылдын 27-апрелинде Токтогул шаарындагы Азимкан атындагы эс алуу багы, Бишкек-Ош автожолунун райондун аймагындагы бөлүгү тазаланды. Ишембеликке райондогу мекеме, ишканалардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эмгек жамааттары тартылды.

Толук окуу…

Чернобыль апааты эскерилди

2024-жылдын 26-апрелинде Токтогул шаарындагы “Азимкан” эс алуу багында Чернобыль апаатынын 38 жылдыгына карата эскерүү иш чарасы болуп өттү. Ага Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими А.Тюкебаев жана мекеме, ишканалардын жетекчилери, Чернобыль апаатынын катышуучулары катышышты. Авариянын кесепетин жоюуга Токтогул районунан 28 адам катышып, алардын ичинен 7 адам келгенден кийинки мезгилдерде каза болгон.…

Толук окуу…