2024-жылдын 11-май күнү райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында Токтогул районунда туризмди жана креативдүү экономиканы өнүктүрүү боюнча тегерек стол өттү.
Тегерек столго Россия Федерациясынан келген эл аралык эксперттер К. Гаранин, Е. Биктимирова, “Илбирс” фондусунун өкүлү Ж. Алымбекова, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, “Алатай” мамлекеттик жаратылыш паркынын, райондук токой чарбасынын өкүлдөрү, туризм тармагында ишмердүүлүк жүргүзгөн ишкерлер катышышты.
Тегерек столду райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.А. Тюкебаев алып барды.
Иш-чара “Аялдар тынчтык банкы” коомдук бирикмесинин демилгеси менен өткөрүлдү. Жолугушуу учурунда Токтогул районунун туристтик жана креативдик потенциалын өнүктүрүү жолдору боюнча эксперттер тарабынан кеңири маалыматтар берилди. Иш-чарага катышкан ишкерлер, кол өнөрчүлөр көйгөйлүү маселелери менен бөлүшүп, суроолоруна жооп алышты.