Токтогул районунда жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу жана болтурбоо максатында жыйын өттү.

2024-жылдын 14-май күнү Токтогул райондук прокуратурасынын демилгеси менен райондо жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу, 25-май – “Акыркы конгуроо” иш-чарасын өткөрүүдө окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жөнүндө башчы-акимдин биринчи орун басары Н. Кожобергеновдун төрагалыгында жыйын өттү. Жыйындын жүрүшүндө райондук прокурордун улук жардамчысы А.Джакупов жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу жана Кыргыз Республикасынын Прокуратурасына 100 жыл болгондуктан, прокуратуранын тарыхы жөнүндө окуучуларга жана ата-энелерге түшүндүрмө ирээтинде маалымат берди.
Ошондой эле, 25-май – “Акыркы конгуроо” салтанаттуу иш-чарасын өткөрүү жана окуучулардын коопсуздугун камсыздоо маселеси талкууланып, райИИБнүн жана жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлер тарабынан күчөтүлгөн тартипте иш алып барыла тургандыгы ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Билим берүү мекемелеринде салтанаттуу иш-чара учурунда мугалимдер балдардын коопсуздугуна кам көрүп, иш-чара бүткөндөн кийин ата-энесинин коштоосунда үйлөрүнө узатып жөнөтүлөт.
25-май күнү “Акыркы конгуроо” салтанаты өткөрүлөт жана бардык мектептерде салтанаттуу иш-чарага өткөрүүгө даярдыктар көрүлүүдө.
2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы менен Токтогул районунда 11-классты
1057 окуучу, 9-классты 1933 окуучу бүтүрөт.
Жыйынга, райондук мамлекеттик администрациясынын башчы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов, башчы-акимдин орун басары А. Нават кызы, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы К. Искаков, райондук прокурордун улук жардамчысы А.Джакупов, райондук билим берүү бөлүнүн башчысы А. Боржуева, билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ата-энелер катышты.

Leave a Reply