Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын коомдук кабылдамасында башчы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу графикке ылайык уюштурулду

2025-жылдын 20-январында Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын коомдук кабылдамасында башчы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу графикке ылайык уюштурулду. Райондун тургундары тарабынан электр энергиясы, жердин документтери, материалдык жардам, бала бакча, ишкерлик жөнүндө маселелер менен кайрылышты. Башчы-аким А.Тюкебаев тарабынан кайрылган жарандарга тиешелүү кеңештер берилди. Эскерте кетсек, Токтогул РМАнын башчысы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу ар…

Толук окуу…

Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын, райондук суу чарба башкармалыгынын жетекчилерине тапшырмалар берилди

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын, райондук суу чарба башкармалыгынын жетекчилерине КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө” N207 Токтомуна ылайык тиешелүү иш аракеттерди көрүү жана чечүү тапшырмасын берди.

Толук окуу…

Райондун аймагында кылмыштуулукту болтурбоо максатында “Селсаяк” аталышындагы иш-чара өткөрүлдү

Райондун аймагында кылмыштуулукту, укук бузуучулукту алдын алуу жана жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштарды болтурбоо максатында “Селсаяк” аталышындагы иш-чара өткөрүлдү. Аталган иш-чарага Токтогул РИИБдин, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлери менен биргеликте рейд уюштурулуп, жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Толук окуу…

Райондун аймагында түнкү рейддер улантылууда

Токтогул райондук ички иштер бөлүмү тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери менен биргеликте райондун айыл аймактарында ар кандай кылмыштуулукту, укук бузууларды, жол транспорт кырсыктарын алдын алуу максатында түнкү рейддерди жүргүзүүдө.

Толук окуу…

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун “Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” кол коюлган мыйзамы боюнча жыйын өттү

2025-жылдын 13-январь күнү райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун “Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” кол коюлган мыйзамы боюнча жыйын өтүп, мекеме ишканаларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү тапшырмалар берилди. Жыйынга райондогу укук коргоо органдарынын, мекеме, ишкана уюмдарынын…

Толук окуу…

Токтогул шаарынын Жаңы-Жол айылында жаңы бала бакчанын имараты пайдаланууга берилди

Токтогул шаарынын Жаңы-Жол айылында жаңы бала бакчанын имараты пайдаланууга берилди. Ачылуу аземине Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Э.Апит уулу, Токтогул шаарынын мэри Б.Максутбаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Боржуева, Жаңы-Жол айылынын тургундары катышты. Аталган бала бакча 50 орунга ылайыкталып, тиешелүү жабдыктар менен камсыздалды. Бала бакчага Токтогул шаардык мэриясынын бюджетинен,…

Толук окуу…

Толук айыл аймагынын Ноот айылында 3 сааттык бала бакча ачылды

2024-жылдын 30-декабрь күнү Толук айыл аймагынын Ноот айылындагы N25 М.Бекболотов орто мектебинин алдында Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Келечек үчүн билим” долбоорунун алкагында 3 сааттык бала бакча ачылды. Иш-чарага Токтогул РМАнын башчысы-акимдин орун басары А. Нават кызы, айыл өкмөт башчысы К.Аттокуров жана Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Боржуева катышты. 3…

Толук окуу…

Арал айылындагы “Кетмен-Дөбө” суусундуктары ишканасынын ишмердүүлүгү жеринен көрүлдү

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов Токтогул шаарынын карамагынын Арал айылындагы “Кетмен-Дөбө” суусундуктары ишканасынын ишмердүүлүгүн жеринен көрүп, жеке ишкер Данияров Алымбекке ишкананы өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча сунуштарын берди.

Толук окуу…

Акимдин жаңы жылдык балаты майрамы белгиленди

2024-жылдын 28-декабрь күнү № 1 Токтогул атындагы орто мектебинде Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаевдин балдарга арналган Жаңы жылдык балаты майрамы белгиленди. Майрамдык иш-чарага райондун аймагындагы социалдык колдоого муктаж балдар, билим берүү мекемелеринин алдыңкы окуучулары катышты. Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары А.Нават кызы, райондук…

Толук окуу…

Ничке-Сай айылында райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев эл менен жолугушуу өткөрдү

Э.Иманалиев айыл өкмөтүнүн Ничке-Сай айылында райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев эл менен жолугушуу өткөрдү. Элдик жыйында жергиликтүү тургундар тарабынан жер, трансформатор, бала бакча маселелери көтөрүлдү. Райондун акими айтылган маселелердин чечүү жолдору жөнүндө түшүндүрмө берип, айыл өкмөттүн башчысына тиешелүү тапшырмаларды берди.

Толук окуу…