Веб сайттан издөө
-
Акыркы документтер
- Аким А.Тюкебаев оңдоп-түзөө жана курулуш иштери менен жеринде таанышты
- Мектеп окуучуларына ачык эшик күнү уюштурулду
- Раймамадминистрациянын кичи жыйындар залында коопсуз миграция боюнча маалыматтык жыйын болуп өттү
- Ак-Тектир айылынын Жаргылчак участкасын электр энергиясы менен камсыз кылып берүү маселеси жеринде каралды
- Кетмен-Дөбө айыл аймагында элдик жыйын уюштурулду
Жаңылыктар календары
Коррупцияга каршы аракеттенүү
Ишеним телефону: 0(3747) 5-00-63
Материалдар архиви
Пайдалуу шилтемелер
Category: Жаңылыктар
Башчы-аким А.Тюкебаевдин Кетмен-Дөбө, А.Суеркулов айыл аймактарынын жашоочулары менен жолугушуусу
Кечээ 14-март 2024-жылы Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев Токтогул районунун Кетмен-Дөбө, А.Суеркулов айыл аймактарынын жашоочулары менен жолугушуу өткөрдү. Алгач 2023-жылы өткөрүлгөн элдик жыйындарда айтылган суроо-талаптардын негизинде кабыл алынган иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө маалымат берилди. Жыйында жарандар тарабынан айтылган электр энергиясы, таза суу, сугат суу, бала бакча ж.б. маселелер боюнча тиешелүү…
Волейбол оюну боюнча аймактык мелдеш өттү
2024-жылдын 12-мартында Кыргыз Республикасынын Президентинин 29.01.2021-ж. “Инсандын адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене-тарбиясы жөнүндөгү” №1 Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Токтогул райондук ички иштер бөлүмү тарабынан уюштурулган окуучулар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында өткөрүлгөн спорттун волейбол түрү боюнча аймактык мелдеш Үч-Терек айыл аймагынын Кызыл-Ураан айылынын №32 Бекназар атындагы жалпы орто билим берүүчү мекемесинде…
Бириктирилген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары дайындалды
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде Токтогул районунда бириктирилген төмөндөгү айыл аймактарынын башчылары жана шаар мэри райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин буйругу менен дайындалышты: – Бириктирилген Кетмен-Дөбө айыл аймагынын башчысы кызмат ордуна Багымбаев Болот Тияншанович; – Бириктирилген Абды Сүйөркулов…
Райондогу багбандарга талаа семинары уюштурулду
2024-жылдын 9-март күнү Үч-Терек айыл аймагында райондогу алдыңкы багбандар, ишкелер үчүн бак өстүрүүнүн сырлары туурасында талаа семинары болуп өттү. Талаа семинарында башчы-аким А.Тюкебаев сөз сүйлөп, бак өстүрүү райондун приоритеттүү багыттарынын бир экендиги белгилеп, райондун багбандарын Өзбекстан Республикасынан келген эксперттер жана республикабыздагы алкыңкы агрономдор менен кызматташууга чакырды. Семинар жеке ишкер Н.Дойбулов…
“Агро диалог-2024” аталышында семинар-кеңешме болуп өттү
Бүгүн райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергеновдун жетекчилигинде “Агро диалог-2024” аталышында семинар-кеңешме болуп өттү. Семинарда дыйканчылык, багбанчылык, асыл тукум мал чарбачылыгы, бал аарычылык, кайра иштетүү тармактарындагы алдыңкы тажрыйбайлар райондун дыйкандарына жайылтылды. Россия Федерациясынын “Трейд Агро” компаниясынын расмий дилери А.Л. Витлугаев менен ортомчусуз, сапаттуу минералдык жер семирткичтерди дыйкандарга түз…
8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү
2024-жылдын 6-март күнү райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Аялдардын эл аралык майрамына карата салтанаттуу иш-чара өттү. Иш-чарага райондогу мекеме ишканалардын, айыл аймактардын айымдары катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө район башчысы-аким А.Тюкебаев айымдарды келе жаткан 8-март майрамы менен куттуктап, райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан даярдалган белектерди тапшырды. Майрамдык салтанатту иш-чара райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери…
Мамлекеттик туу күнү белгиленди
3-март – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнүнө карата райондук А.Керимбаев атындагы маданият үйүндө салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарада райондук мамлекеттик админстрациясынын башчысы-акими А.Тюкебаев мамлекеттик туунун кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгы менен катышуучуларды куттуктады. Майрамдык иш-чара концерттик программа менен коштолду. Мамлекеттик туунун кабыл алынганынын 32 жылдыгына карата майрамдык иш-чаралар райондун аймагындагы бардык…
Чолпон-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Тектир айылында айыл элинин ден соолугун чыңдоочу зал ачылды
2-24-жылдын 27-февралында Чолпон-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Тектир айылында, айыл элинин ден соолугун чыңдоочу залы ачылды. Ден соолукту чыңдоо залы Швейцария өкмөтү тарабынан “Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу” долбоору аркылуу каржыланып, айыл эли ден сосолугун чыңдоочу спорттук шаймандар орнотулду. Долбоордун жалпы суммасы 1 млн. 150 миң сомду…
Бириктирилген айыл аймактардын жергиликтүү кеңешинин төрагасын шайлоосу болуп өттү
2024-жылдын 22-февралында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» ПЖ №370 жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 Жарлыктарын ишке ашыруу максатында Ничке-Сай менен Кызыл-Өзгөрүш айыл аймактарынын жергиликтүү кеңештери бириктирилип, жергиликтүү кеңештин төрагасын шайлоосу болуп өттү. Бириктирилген Кызыл-Өзгөрүш айыл…