“Жаштар терроризмге жана диний экстремизмге каршы” аталышында форум өттү

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында жана Үч-Терек айылындагы Т.Абдиев атындагы маданият үйүндө “Жаштар терроризмге жана диний экстремизмге каршы” аталышында форум өттү.
Форумга райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Экстремизмге каршы аракеттенүү кызматкери милициянын полковниги Р.У.Турусбеков, белгилүү спорт чебери, дүйнө чемпиону Атайбек уулу Келдибек, Кыргызстан мамлекеттик дин башкармалыгынын Жалал-Абад областынын казысынын орун басары, теолог Б.Усманов, райондогу мекеме, ишканалардын жетекчилери, имамдар, аксакалдар кеңештери жана мектептердин окуучулары катышышты.
Форумда окуучуларга экстремизм, терроризм жана салттуу дин туурасында түшүнүктөр берилип, суроо-жооптор менен уланды. Ал эми спорт чебери Келдибек Атайбек уулу жаштарды илимге, билимге, спортко үндөп, учурдун жаштар үчүн түзүлүп жаткан мүмкүнчүлүктөрүн туура, максаттуу пайдаланууга чакырды.
Райондун аймагында коомдук коопсуздукту сактоодогу, кылмыштардын жана экстремиздин алдын алуудагы аракеттери үчүн райондук мамлекеттик администрациянын Ардак грамотасы менен райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери сыйланышты.

Leave a Reply