“Шахмат мектеби” ачылды

2024-жылдын 22-июнунда Токтогул райондук шахмат федерациясы тарабынан “Шахмат мектеби” ачылды. Шахмат-спорттун түрү, көркөм өнөр, илим жана логикалык оюн болуп эсептелет. Шахмат – дүйнөдөгү эң атактуу оюндардын бири, болжол менен 2 миң жыл мурун пайда болгон. Иш-чарага Жалал-Абад областтык, Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларынын шахмат федерациясынын өкүлдөрү А. Макаимов, Т. Романов, М.…

Толук окуу…

23-июнь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

23-июнь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. 2024-жылдын 21-июнь күнү Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында 23-июнь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата салтанаттуу иш-чара өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө Башчы-аким А.Тюкебаев мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы менен куттуктап, сыйлыктарды тапшырды. Салтанаттуу иш-чара…

Толук окуу…

Камбарата-1 ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесин актуалдаштыруу маселелери боюнча жолугушуу өттү

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев Кыргыз Республикасынын энергетика министрлигинин, «AFRY Switzerland Ltd.» компаниясынын өкүлдөрү, эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) эксперттери жана «Электр станциялар» ААКтын адистери менен Камбарата-1 ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесин актуалдаштыруу маселелери боюнча жолугушууга катышты.

Толук окуу…

“Региондорду өнүктүрүү үчүн интеллектуалдык менчик жана инновациялар” аталышында семинар болуп өттү

“Региондорду өнүктүрүү үчүн интеллектуалдык менчик жана инновациялар” аталышында семинар болуп өттү. Семинарда Кыргызстандагы патент, автордук укук, автордук укук объектилерин каттоо, интеллектуалдык менчик системасы, Кыргызпатенттин пайдалуу моделдерин жана өнөр жай үлгүлөрүн ойлоп табуулар, Кыргызстанда патент системасы жана өтүнмөлөрдү берүүнүн жана патент берүүнүн тартиби жана “40 райондон 40 демилге” долбоору жөнүндө түшүндүрмө…

Толук окуу…

Райондо кезектеги ишембилик уюштурулду

2024-жылдын 15-июнунда райондо кезектеги ишембилик уюштурулду. Ишембиликте Бишкек-Ош автожолунун райондун аймагындагы бөлүгү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коомдук жайлар тазаланды. Ишембиликке райондогу мекеме, ишканалардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери катышты.

Толук окуу…

Жергиликтүү бюджеттин көлөмүн көтөрүү боюнча жыйын өттү

15 -июнь 2024-жылы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаевдин жетекчилигинде райондук финансы башкармалыгынын, салык кызматынын өкүлдөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын катышуусунда жергиликтүү бюджеттин көлөмүн көтөрүү боюнча жыйын өттү.

Толук окуу…

Жаш өспүрүм балдар үчүн эки сааттык жайкы эс алуу лагери уюштурулду

Токтогул районундагы №9 И.Умаров, №35 Ж.Чаргынов, №37 С.Чекиров, №15 Даңканай, №14 Жоомарт, №41 Тоялиев атындагы орто мектептеринде жана №3 Ы.Дүйшеев атындагы башталгыч мектебинде USDA МакГоверн-Доул “Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу” программасы менен мектептин алдында эки сааттык жайкы эс алуу лагери уюштурулду. Ар бир мектептен экиден мугалим жана китепканачы бирге…

Толук окуу…

Алкоголдук продукцияны чекене сатууга жана сактоого лицензия алуу жөнүндө кулактандыруу

Ишкерлерге уруксат кагаз алууда ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү максатында 2024-жылдын 18-июнунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү Токтогул районунда уруксат кагаздары (лицензиясы) жок алкоголдук продукцияны чекене саткан ишкерлердин райондук мамлекеттик администрациясынын имаратында иш-кагаздарын кабыл алат. Уруксат кагаздары (лицензиясы) жок…

Толук окуу…

Сууга чөгүүнүн алдын алуу боюнча түшүндүрүү иш-чарасы жүргүзүлдү

Токтогул РИИБдин кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен райондун аймагындагы Чычкан суусуна, каналдарга жана сууга түшүүгө кооптуу болгон жерлерге атайын эскертүү тактайчалары орнотулду. Ошондой эле, ата-энелерге жаш өспүрүм балдарын кароосуз өз алдынча сууга түшүүгө жибербөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Иш-чара жайкы каникул убагында жаш өспүрүмдөрдүн сууга чөгүүлөрүн алдын алуу максатында уюштурулду.

Толук окуу…

Кырдаал көзөмөлдө

Райондун аймагында кыска мөөнөттүү нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Үч-Терек айыл аймагынын, Саргата айылынын көчөлөрүн суу каптаган, негизинен суулар сел өтүүчү каналдар аркылуу өткөн. Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлери менен жеринде болуп, кырдаалды өз көзөмөлүнө алып, тиешелүү тапшырмаларды берди. Алдын ала маалыматтар…

Толук окуу…