Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаевдин төрагалыгында жыйын өттү

2024-жылдын 17-июль күнү райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаевдин төрагалыгында жыйын өттү.
Жыйындын күн тартибинде:
1. 2024-2025-жылдарынын күз-кыш мезгилине даярдыктын абалы”;
2. Оруп жыйноо иштеринин жүрүшү;
3. Жер маселелери (мунапыс, райондогу жарандардын жеке турак жай участокторун инвентаризациялоо);
4. Айлана-чөйрөнүн тазалыгы;
5. Камсыздандыруунун абалы жөнүндө маселелер каралды.
Аталган маселелер жөнүндө райондук мамлекеттик администрациясынын тиешелүү кызматкерлери, мекемелердин жетекчилери тарабынан маалыматтар берилип, талкууланды.
Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев тарабынан күн тартибиндеги маселелер боюнча тапшырмалар берилип, атайын мөөнөттөр коюлду.

Leave a Reply