2024-жылдын 15-июль күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Текебаев Тилек Кыдырмаевич Токтогул районунда иш сапары менен болуп, райондун активи менен жолугушту жана Токтогул шаарындагы борбордук стадиондун курулуш иштеринин жүрүшү, Бала-Чычкан айылындагы “Ля Вуа Лакте” сүттү кайра иштетүү ишканасы, Жаңы-Жол айылындагы “Тегирмен” балык чарбасы менен жеринен таанышты.




