Чернобыль апааты эскерилди

2024-жылдын 26-апрелинде Токтогул шаарындагы “Азимкан” эс алуу багында Чернобыль апаатынын 38 жылдыгына карата эскерүү иш чарасы болуп өттү. Ага Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими А.Тюкебаев жана мекеме, ишканалардын жетекчилери, Чернобыль апаатынын катышуучулары катышышты.
Авариянын кесепетин жоюуга Токтогул районунан 28 адам катышып, алардын ичинен 7 адам келгенден кийинки мезгилдерде каза болгон.
Азыркы күндө ден соолуктарына оор залал келтирилген Чернобыль апаатынын 21 катышуучусу каттоодо туруп, тиешелүү жеңилдиктерди алышууда.
Иш чаранын жүрүшүндө Чернобыль апаатында курман болгондорго багышталып куран окулду.

Leave a Reply