Бримкулов Нургазы

 

Бримкулов Нургазы

Бримкулов Нургазы (1910, Көдүл айылы – 1992, Токтогул шаарчасы) – Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими (1960). Ош – Жалал-Абад педагогикалык техникумун бүткөн (1930).

  • 1928-ж. Сарыкамыштагы Тержайлак жайлоосунда сабатсыздыкты жоюу мектебин ачып, 40тай кишиге кат тааныткан.
  • 1928-ж. Суусамырда,
  • 1930-ж. Токтогул районундагы башталгыч мектепте мугалим,
  • 1931-36-ж. райондун борборунда ачылган жумушчу жаштар мектебинин уюштуруучуларынын бири болгон,
  • 1936-ж. ал мектептин базасында орто мектеп ачылып (алгач Сталин, кийинчерээк Ж. Бөкөнбаев атындагы),
  • 1939-42-ж. ошол эле мектептин директору,
  • 1950-71-ж. окуу бөлүмүнүн башчысы,
  • 197185-ж. мугалим болуп иштеген. Эл агартуу отличниги (1945).

Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери, медалдар менен сыйланган.

Comments are closed.