Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, Токтогул өндүрүштүк-эксплуатациялык “Суу канал” ишканасына барып, “Таза суу” долбоорунун 1-фазасында шаардын жашоочуларын ичүүчү таза суу менен калкка коюлган жаңы тариф менен жүргүзүлүп жаткан иштери боюнча таанышты. Долбоор кредиттик жана гранттын каражаттарынын эсебинен ишке ашырылды.
Токтогул шаарында 75 орундуу бала бакчанын курулуш иштеринин жүрүп жатканы боюнча жеринен көрдү. Бала бакчага жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулууда, сметалык баасы 30,0 млн сомду тзөт. Сатып алуулар порталынан “Кубай” ЖЧКсы утуучу деп аныкталып, 27,147 млн сомго келишим түзүлүп, курулуш иштерин жүргүзүүдө. Бүгүнкү күндө актап, сырдоо иштери жүрүп жатат.
Токтогул шаарында курулуп жаткан спорт комлексинин курулуш иштерин жеринен көрүп, ишти тездетүүнү шаардын вице-мэрине тапшырды. Спорт комплекстин курулушуна 2023-жылы “Атайын эсептен” 12 млн 500миң сом каралып, фундаменти, швеллер стойкалары орнотулуп, чатырын орнотуу иштери жүрүп жатат. 2024-жылга жергиликтүү бюджеттен 7млн.сом, “Атайын эсептен” 10млн. сом акча каражаты каралды.