2024-жылдын 23-май күнү райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергеновдун төрагалыгында жыйын өттү.
Күн тартибинде:
– 25-май акыркы коңгуроо салтанаттуу иш-чарасын өткөрүүдө мектеп окуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу жана алдын алуу чараларын көрүү боюнча маселе каралды.
Жыйынга райондук ички иштер бөлүмүнүн, мекеме, ишканалардын жетекчилери, мэриянын аппарат жетекчиси, айыл өкмөт башчылары, мектеп директорлору, айыл имамдары жана айыл башчылар катышты.
Жыйынтыгында мамлекеттик жана муниципалдык органдарга тиешелүү тапшырмалар берилди.