Ички каналдардын сугат иштерине даярдыгы текшерилди

Райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов вегетациялык мезгилге даярдыктын абалы боюнча Үч-Терек, Абды Суеркулов, Кетмен-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн жана Токтогул шаарынын аймагындагы ички каналдардын сугат иштерине даярдыгын текшерди. Текшерүүнүн жыйынтыгында айрым каналдарды тазалоо иштери чабал жүргүзүлгөндүгү аныкталып, айыл өкмөт башчыларына 2024-жылдын 1-апрелине чейин сугат иштерине тиешелүү деңгээлдеги даярдыкка келтирүү…

Толук окуу…

Кургак учукту бирге жеңели

Жыл сайын 24-март кургак учукка каршы күрөшүү күнү катары белгиленип келет. 24-февралдан 24-мартка чейин “Кургак учукка каршы күрөшүү” боюнча бир айлык өнөктүк жарыяланып, медицина кызматкерлери, айылдык ден соолук комитетинин мүчөлөрү тарабынан лекциялар окулуп, баракчалар таркатылып, “Кургак учук” илдети жөнүндө кеңири маалыматтар берилди. Медицина кызматкерлери, АДК мүчөлөрү, ИСИТО колледжинин студенттери менен…

Толук окуу…

Чычкан капчыгайындагы мыйзамсыз салынган курулуштар жана капчыгайдын тазалыгы жеринен каралды

28-март 2024-жылы Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими А.А.Тюкебаев Токтогул шаарынын мэринин орун басары жана тиешелүү мекеме, ишканалардын жетекчилери менен бирге Чычкан капчыгайындагы мыйзамсыз салынган курулуштарды жана капчыгайдын тазалыгын жеринен карап чыкты. Жыйынтыгында жолдун жээгиндеги таштандыларды тазалоо, мыйзамсыз салынган курулуштарды алуу, тартипке салуу ж.б. тапшырмаларды Токтогул шаарынын мэринин орун басарына жана…

Толук окуу…

Башчы-аким А.Тюкебаев Үч-Терек айыл аймагында болду

26-март 2024-жылы башчы-аким А.Тюкебаев Үч-Терек айыл аймагында болду. Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, айыл өкмөт башчысы А.Байсабаев жана N30 ЖТИнин жетекчиси Т.Кенетаев менен биргеликте Нарын көпүрөсүнөн Кара-Көл шаарынын чек арасына чейинки Бишкек-Ош жолунун жээгин карап чыкты. Башчы-аким тарабынан айыл өкмөт бачысына КР Президентинин №56 Жарлыгына ылайык жол жээгиндеги мыйзамсыз курулуштарды…

Толук окуу…

Кетмен-Дөбө, Абды Сүйөркулов, Элмирбек Иманалиев айыл өкмөттөрүндө Элдик жыйындар өттү

Кетмен-Дөбө, Абды Сүйөркулов, Элмирбек Иманалиев айыл өкмөттөрүндө элдик жыйындар болду. Аталган айыл өкмөттөрдүн жашоочулары менен болгон жыйынга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Сулайманов, райондун акими А.А.Тюкебаев жана райондун бир катар жетекчилери катышышты. Жыйында жергиликтүү жарандар тарабынан көйгөйлүү маселелер айтылып, аларды чечүү жолдору каралды.

Толук окуу…

Башчы-аким А.Тюкебаев Кетмен-Дөбө айыл аймагында болду

Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев Кетмен-Дөбө айыл аймагындагы насостук станциялардын жазгы талаа сугат иштерине даярдыктарын, Мазар-Суу айылындагы жаңы салынган парктын абалын, медициналык объектилерди, административдик-аймактык реформанын алкагында айыл өкмөтүнүн мүлктөрүн тактоо иштеринин жүрүшүн жана башка аткарылып жаткан иштерди жеринен көрдү.

Толук окуу…

2024-жылдын 11-мартынан 21-мартына чейин “Эмдөө жумалыгы” жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин “Кошумча эмдөө жөнүндөгү” №2/093 буйругунун негизинде кызамык вирусунун таралышын азайтуу жана алдын алуу максатында 2024-жылдын 11-мартынан 21-мартына чейин “Эмдөө жумалыгы” жарыяланып, 9 айдан 8 жашка чейинки балдарга кызылча, кызамык ооруларына каршы эмдөө жүргүзүү пландалган. Район боюнча эмдөөдөн өтө турган балдардын саны 12331 баланы түзөт. Эмдөө…

Толук окуу…

Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев Токтогул шаарынын жашоочулары менен жолугушуу өткөрдү

19-март 2024-жылы Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев Токтогул районунун Токтогул шаарынын жашоочулары менен жолугушуу өткөрдү. Жыйында 2023-жылы өткөрүлгөн элдик жыйындарда айтылган суроо-талаптардын негизинде кабыл алынган иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө маалымат берилди. Жыйында жарандар тарабынан айтылган электр энергиясы, таза суу, сугат суу, бала бакча ж.б. маселелер боюнча тиешелүү мекеме, ишканалардын жетекчилери…

Толук окуу…

№4 Н.Бримкулов атындагы инновациялык мектеп-гимназиясында танапис учурунда берилүүчү коңгуроо “Улуттук обондо”

Токтогул районундагы №4 Н.Бримкулов атындагы инновациялык мектеп-гимназиясында танапис учурунда берилүүчү коңгуроо “Улуттук обондо” берилип жатат. Улуттук коңгуроонун аппаратураларын сатып алып, орнотуу аталган мектептин 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү тарабынан каржыланган. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “2023–2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны ишке ашыруу боюнча “Жол картаны” бекитүү тууралуу токтому жетекчиликке…

Толук окуу…