28-март 2024-жылы Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими А.А.Тюкебаев Токтогул шаарынын мэринин орун басары жана тиешелүү мекеме, ишканалардын жетекчилери менен бирге Чычкан капчыгайындагы мыйзамсыз салынган курулуштарды жана капчыгайдын тазалыгын жеринен карап чыкты.
Жыйынтыгында жолдун жээгиндеги таштандыларды тазалоо, мыйзамсыз салынган курулуштарды алуу, тартипке салуу ж.б. тапшырмаларды Токтогул шаарынын мэринин орун басарына жана тиешелүү мекеме, ишканалардын жетекчилерине берди.